Майкоп (адыгейче Мыекъуапэ – алма өрөөнү же жапайы алма өрөөнү) – Адыгэ Республикасынын административдик борбору.
Орусыядагы шаар (1870-жылдан). Ак дарыясынын (Кубандын куймасы) оң өйүзүндө, Туапсе – Усть-Лабинск автомобиль жолунун боюнда, Москвадан 1669 км түштүктө жайгашкан. Калкы 154,7 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол станциясы. машина куруу, тамак-аш (спирт, кант, кондитер азыктары, консерва), мүнөз эт (тоок, күрптүн ж. б.) даярдоочу фабрика, жеңил, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз («Майкопмебель», «Картонтара») өнөр жай ишканалары иштейт. ГЭС, педагогикалык институт, ИИИлер (анын ичинде экономика, тил, адабият жана тарых), 2 театр, камералык музыкалык театр (1993), филармония, 2 музей (анын ичинде тарыхый-край таануу) бар. 2001-жылы Россия акад. искусство театрынын филиалы ачылган. Шаар 1857-жылы орус чеби катары негизделген. 1870-жылдан уезд шаары. 1871-жылы аскердик башкаруу жоюлган. 1942–43-жылдары немец аскерлери басып алган. Монумент (Вошад коргонунун казылганынын урматына) орнотулган. Майкопто жыл сайын фестивалдар жана казак-орус маданиятынын күндөрү өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Майкоп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.