Люблин шаары – Польшанын чыгышындагы шаар.
Быстшица дарыясынын боюнда жайгашкан. Люблин воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 349,3 миң (2010). Жолдор тоому. Өлкөнүн чыгышындагы экономикалык жана маданий борбор. Машина куруу (анын ичинде автомобиль), тамак-аш–татымал, булгаары–бут кийим, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. 10-кылымдан белгилүү. Университет, музей бар. Архитектуралык эстеликтери шаардын эски бөлүгүндө жайгашкан. Сепил (учурда музей; 13– 19-к.), ратуша (14–18-к.), готика, ренессанс, барокко стилиндеги турак жайлар менен костёлдор (14–18-к.) сакталган. Люблинге жакын Майданек мамлекеттик музейи (1941–44-ж. фашисттик концлагер болгон; 1,5 млнго жакын адам жок кылынган) жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Люблин шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.