Лиман (гр.
Түздүктөгү дарыялардын чатын же жээктердеги оёң жерлерди деңиз суусу жайпап калышынан пайда болот. Лимандар деңизди карай ачык (мисалы, колтуктан) жана жабык (деңизден саяң аркылуу бөлүнүп турган) болот. Адатта, лиманга майда кумдук, алеврит жана ылай, кээде күйүүчү сланец, көмүр, нефть пайда кылуучу органикалык заттар топтолот. Материктен тузсуз суу аз куюп, аймактын климаты кургакчыл болгондуктан, лиманды шор басып, туз аралаш тунма баткак пайда болот; баткак дарылык касиетке ээ. Лиман көбүнчө Кара деңизге мүнөздүү. Ысык климаттык шартта боксит пайда кылуучу алюминий менен темирдин кычкылы топтолот; 2) КМШнын европалык бөлүгүнүн кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү оёң жерлердин жергиликтүү аталышы. Оёң жерлерге жазгысын суу толуп, тайыз көлдөр пайда болот; алар жайында соолуп, сазга же шалбаага айланат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лиман, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.