Акындар Поэзиясы

Акындар Поэзиясы

Акындар поэзиясы – кыргыз элинин оозэки поэтикалык чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта ѳнγккѳн классикалык поэзиянын бир бѳлγгγ.
Акын, ырчы-оозеки поэтикалык чыгармаларды комуз, кыяк жана башка аспаптардын коштоосу менен аткарган тѳкмѳ акындар фольклорду γйрѳнγп, андагы сюжеттерди ѳзγнчѳ чыгармачылык менен кайра иштеп чыгышат. Акындардын дээрлик кѳпчγлγгγнγн эске тутум жѳндѳмдγлγгγ ѳтѳ мыкты келет,оной эле аларга турмушту терең билγγ, сезимталдык, артисттик шык мγнѳздγγ.

Акындан шарттуу тγрдѳ тѳмѳнкγчѳ бѳлγнѳт : жамакчы, мактоо, кордоо ырларын ырдоочулар: жомокчу-эпикалык чыгармаларды аткаруучулар: нускоочу-философиялык мазмундагы насаат ырларды жаратуучулар. алардын ортосунда жок. Акындардын ишмердиги кѳп кырдуу : алар айтыштарга-атайын акындык кγчтγү сынашкан мелдештерге, элдик жыйындарга, аш-тойлорго катышкан.

Акындар поэзиясынын бирден-бир өзгөчөлүгү ал, баарынан мурда, жеке өз алдынча көрүнүш. Бирок, тилекке каршы кылымдар бою жазмасы, басмасы жок элдин арасынан чыккан не бир таланттуу акындардын чыгармалары, биздин күнгө жетпей калды. Алардын наамдары кылымдардын калың катмарында калды. Кыргыз жеринде Совет бийлиги орноп, социализм курула баштаганда биринчи иретте элдин кат-сабатына көңүл бурулду. Натыйжада улуттук жазма, басма, басылмалар пайда болду. Дал ушундай мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөрдөн кийин акындар поэзиясы өзүнүн поэтикалык тагдырын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Оозеки түрдө өнүгүп-өөрчүп келе жаткан поэзия, эми кагаз бетине түштү. Дал ушул социалдык-коомдук, маданий-тарыхый бурулуштун натыйжасында Арстанбек менен Калыгулдун, Токтогул менен Жеңижоктун, Калмырза менен Чондунун, Эсенаман менен Үмөтаалынын, Барпы менен Корголдун, Эшманбет менен Нурмолдонун, Токтоналы менен Ысмайылдын, Калык менен Алымкулдун жана башка ысмы сакталып, алар жараткан поэзия кыргыз элинин рухий байлыгын, маанилүү бөлүгүн түзүп калды. Булардын жараткан чыгармаларын оозеки түрдө эмес китебин окугандар Токтогул менен Жеңижоктун, же Барпы менен Алымкулдун бир-бирине окшоштуруп чаташтырбайт. Аталган акындардын ар бири өз алдынча, жеке поэтикалык көрүнүш экени чыгарманын көркөмдүк түзүлүшүнөн, дүйнөгө, турмушка, адамга, жаратылышка болгон өздүк мамилесинен ачык эле көрүнүп турат. Ошондой болсо да акындар буларды бириктирип турган жалпы бир өзгөчөлүк, касиет-сапат бар, ал салттуу, кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе аткан эстетикалык фольклордун негизинде (индивидуалдуулук жана традициялуулук) “Акындар поэзиясы”. жаралат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Дмитрий МенделеевКыргызстандын Россияга каратылышыКан тобуЖумурткаКислотаМукай ЭлебаевАз кандуулукСарыбагышКыргыз ССРинин КонституциясыМаданий өсүмдүкМамлекеттик бюджетСөз түркүмүКыргыз оюм чийимдериМамлекетКокон АвтономиясыАтакенин ак болотуБакайБиологияБагыныңкы сүйлөмКумтөрАбанын булганышыОкутуу методуКыргызстандын чек араларыТүп районуГамзатов РасулЗатМайрамдарПланеталардын жандоочуларыЫсык-КөлЭс алууЖер атмосферасыКонусТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүБенжамен Блумдун таксономиясыДем алуу системасыКыргызстандын дары сууларыТелескопВолейболКошожашЧакчылМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыРуханий маданиятАнатай ӨмүркановБаткен районуКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиСүйүнбай ЭралиевЧубак ажы ЖалиловЖерЖалил СадыковТоктогул ырчыТукум куугучтукЭкологиялык факторлорЕвропаБеш жылдык пландарТабигый кырсыктарРеволюциянын каармандарына монументи –Термелүү кыймылыТабият кырсыктарыОрусияЫсык-Көл облусуМухаммед пайгамбарНегиз (химия)Казат АкматовБүркүтЖеңиш КүнүГапаров МурзаГигант планеталарТүркстан тоо кыркасыДемократияЧернобыль авариясыОозул (стоматит)Кыргызстан алтын кендериЭлечекКөмүртекКан айланууАлай тоо кыркасыКыргыз киносуЖөндөмө категориясыСталиндик сыйлык🡆 More