Лексика (гр.—сөз, сөз кезеги, ойду берүүнүн ыгы) — тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы, анын сөздүк курамы.
Тилдин сөздүк курамында элдин тарыхы чагылдырылат, турмуш тиричилиги, маданияты, чеберчилиги менен адабияты берилет. Тарыхтын жылышы менен элдин турмушунда өзгөрүүлөр, жаңылануулар болот, коом турмушунун. айрым көрүнүштөрү эскирип калат, жаңы түшүнүктөрдү туюнтуу үчүн тилде жаңы сөздөр пайда болуп, эскилери колдонуудан чыгып калат. Ошентип, элдин турмушундагы ири окуялар, бурулуштарга жараша жандуу речтен айрым сөздөр чыгып, жаңы сөздөр пайда болуп отурат. Тил жаңы сөздөр, терминдер менен тынымсыз байып турат. Бул процесс көркөм чыгармалардаи орун алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лексика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.