Лантан

Лантан (гр.

Lantano – жашыруун, лат. lantanium, La) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIВ группа элементи. К.н. 57, ат. м. 138,905. Сейрек кездешүүчү жер элементтерине кирет. Жаратылышта Л. 2 изотобу бар: 139Lа (99,911%) жана радиоактивдүү 138Lа (0,089%), Т1/2 =2 ×1011.жыл. окистенүү даражасы +3. Л-дын жер кыртышында м. б-ча 1,78×10 % түзөт. Л. 1839-ж. К.Мосандер ачкан, ал эми таза металл түрүндө 1902-ж. О.Мутман алган. Л. - күмүш түстүү, ак металл. №58 -71 элементтер тобу лантаноиддер деп аталат. Өтө таза Л. ийилгич келип жеңил иштетилет. Хим. активдүүлүгү б-ча щелочтуу жер металлдарына жакын. Минералдык к-талар жана суу менен аракеттенип суутекти бөлүп чыгаруу менен сууда эрибеген гидрооксидди пайда кылат. Суутек, кычкылтек менен 200оС темп-рада галогендер, галогендүү суутектер, углеводороддор, бор жана күкүрт менен аракеттенип тиешелүү бирикмелер пайда кылат. Л. оксидди, фторидди, сульфидди сууда эрибей турган заттар. Нитрат, перхлорат, сульфат сууда жакшы эрийт, ал эми фосфатт, карбонат жана оксалат эрибейт. Оксалаты менен карбонаты 800о-900оС оксид пайда кылуу менен ажырайт. Л. алуу үчүн анын минералдары: монацит, бастнезит, лопарит, эвеснит, фергюсонит, гадолинит керектелет. Л. бөлүү методдору көбүнчө ал элементтер бирикмелеринин бири-биринен касиеттери б-ча бир аз айырмалангандыгына негизделген. Азыркы мезгилде экстракциялоо менен бөлүү кеңири колдонулат. Бул метод ион алмашуу хроматографиясы менен бирдикте бардык лантаноидди таза алууга мүмкүндүк берет. Л. болот, чоюн, магниттүү, алюминийлүү куймаларга бир аз кошулса алардын механикалык касиети, коррозияга туруктуулугу, ысыкка чыдамдуулугу жакшырат. Л. лазерде пайдаланылуучу кристаллдар курамына кирет, атомдук тех-да жылуулук нейтронун кармаш үчүн, нурдан сактанууда, реакторлор ишин жөнгө салууда колдонулат.

Лантан
Лантан.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

Д. И. Менделеев

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Махмуд Кашгари«Манасты» жыйнооИбраев, ЭсенгулЖалал-АбадАнжиян көтөрүлүшүЖаратылышКедейкан (эпос)Сырдык сөзБиологияГерманияЖапонияАлгачкы коомТүштүк АзияФизикаБектурсун АлымовБиринчи жардамТаң алдында (роман)Биринчи дүйнөлүк согушАбиотикалык факторлорФразеологияСак цивилизациясыЭгемберди ЭрматовКыргыз улуттук оюндарыСукцессияРысбай АбдыкадыровБышыктоочторЖүрөк-кан тамыр системасыКыргызстандын гербиЭне-Сай кыргыздарынын чарбасыМүчөлСанжыраЛейлек районуСарыкАк Мөөр (поэма)ОрусияXX кылымИскусствоБиотехнологияКыргызстандагы таш дооруМанасКоруктарГеографияАскар АкаевКош бойлуулукУсун мамлекетиЧүй өрөөнүӨнөр жайИнтеграцияУстуканБарпы АлыкуловБийликТаандык байланышКеп маданиятыАрменияМорфологияКалктын табигый өсүшүЧайПедагогикалык изилдөө методдоруПоэзияХимияКараханийлер мамлекетиГенотипТабигый кырсыктарКумурскаТүгөлбай КазаковКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыКоомКлетка теориясыЭсенкожоев КусейинКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыЖарамазанОш коогалаңы (1990)Манас эпосуАмир ТемирҮндүү тыбыштарЗатЗат жана энергия алмашуу🡆 More