Кубизм (французча сubisme, cube – империализм мезгилиндеги реакциячыл буржуазиялык көркөм искусство агымдарынын бири.
К. биринчи дүйнөлүк согуш алдында Францияда 1908-ж. пайда болуп, калыптана баштаган, Сезанн сунуштаган, көзгө көрүнгөн формалар схематизациясынын жалган формалисттик принциптерин жана алардын эң жөнөкөй геометриялык көлөмдөргө (куб, пирамида, шар) ажыратылышын жогорку чекке жеткизген. Чындыкты көрксүз бузуу менен (биринчи кезекте адамдын сырткы көрүнүшүн) кубисттер ар кандай көркөм сүрөттөө элементтерин танып, абстракттуу формаларды иретсиз үйүп салууга өтүшкөн. Мындай түрдөгү «картиналарда» живописке жат материалдар-таарындылар, кагаз жана башка пайда болгон, бул жерде буржуазиялык көркөм искусство өзүн өзү тануу менен кээ бир формалисттик агымдардын живопистен «буюм жасоого» өтүшүнө шарт түзгөн. К. өзүнөн кийинки реакциячыл «абстракционизмге» жол көрсөтүп кеткен, к. Предметсиз көркөм искусство макаласын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кубизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.