Кристоф Валц (англ. Christoph Waltz;немисче айтылышы: ; 1956-жылы 4-октябрда туулган) — австрия-германиялык актер.Америкалык режиссер Квентин Тарантино менен биргелешип жасаган иштери менен кеңири белгилүү.
Ал «Кадырсыз салпаяктар» (2009) тасмасында Штандартенфүрер Ханс Ланданын жана «Кишенден бошотулган Жанго» (2012) тасмасында Др. Киң Шулцтун ролун аткарганы үчүн алкоого татыган. Ар бир ролу үчүн ал «Оскардын», «БАФТАнын» жана «Алтын глобустун» «Экинчи пландагы эң мыкты актер» сыйлыктарына татыган. Ошондой эле ал Ланданын ролу үчүн Канн кинофестивалынын жана «АКШ киноактерлор гилдиясынын» «Эң мыкты актер» наамдарын алган.
Валц «Нөл теоремасы» (2013, компьютер генийи Коэн Леттин ролу), «Чоң көздөр» (2014, америкалык плагиатор Уолтер Киндин ролу) жана «Жеймс Бонд» сериясынын 24-бөлүмү болгон «Спектр» (2015, СПЕКТР уюмунун башчысы Эрнст Ставро Влофелддин ролу) тасмаларында да тартылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кристоф Валц, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.