Комикс (англисче comic – күлкүлүү) – бир окуяга байланышып, кыскача текст жазылган сүрөттөр сериясы.
Заманбап Комикстин баштоочусу деп швейцариялык сүрөтчү Р. Тёпфер эсептелет. Комикс 19-кылымдын аягында АКШда газета чыгаруунун өнүгүшү менен кеңири жайылып, 20-кылымдын ортосунда Комикс «массалык маданияттын» эң кеңири тараган жанрларынын бирине айланган. Комикс дайыма классикалык, окуялуу, күлкүлүү жана фантастикалык чыгармаларды жайылтууда колдонулган. Учурда Комикс комедиялык мүнөзүн жоготуп, аны – кылмыш, согуш тууралуу «тири укмуштар» Комиксси, ошондой эле классиктердин чыгармаларын жөнөкөйлөтүүчү жалган тарыхый Комикс алмаштырды.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Комикс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.