Кеп маданияты - бул термин, негизинен, сүйлөшүүнүн, жаза билүүнүн негиздерин, сапаттарын, теориялык жагдайларын, категориялык талаптарын, нормаларын изилдеген илимдин аталышын туюндурат.
Кеп маданияты сүйлөшүүнүн коммуникативдик сапаттарынын жыйындысын, системасын изилдөөчү илим деген да көзкараш бар. (Б.Н.Головин, С.Ж.Мусаев). Сүйлөшүүнүн коммуникативдик сапаттарына: анын тууралыгы, тазалыгы, түшүнүктүүлүгү, образдуулугу, адептүүлүгү, орундуулугу, таасирдүүлүгү кирет. Кеп маданияты мына ушул маселелерди изилдейт. Кеп маданияты адамдардын сүйлөшүү маданиятын жанa алардын жалпы эле маданиятын, адеп-ахлагын, ички жан дүйнөсүн өнүктүрүү максатын көздөйт.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кеп маданияты, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.