Мусаев Сыртбай Жолдошович (1.
8. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көл-Төр айылы) – тилчи, филология илимдерининдоктору (2000), профессор (2002), КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2002), КР УИАнын корр. мүчөсү (2005). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (2010). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1976). СССР ИАнын стажёр-изилдөөчүсү (1976–78), аспиранты (1979–81), КР УИАнын Тил жана адабият интунда илимий кызматкер, бөлүм башчы (1982–90), КУУнун доценти (1991–92), кафедра башчысы (1993–97), докторанты (1997–98), журналистика факультетинин деканы (1999–2000), Ысык-Көл мамлекеттик университетинин илимий жана окуу иштери боюнча проректору (2000–02), К. Карасаев атындагы БГУнун ректору (2003–04), КТРКнын президенти (2004–05), Чүй университетинин 1-проректору (2005–06), И. Арабаев атындагы КМУнун Лингвистика институтунун директору (2006жылдан). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин илимийтеор. жана практикалык тарыхый лексикологиялык маселелерине, калыптанышы жана өнүгүшү, сөз маданияты, синтаксистик моделдештирүү, семантика, лингвопоэтика, герменевтика, орфография жана башкалар. маселелерине арналган 250дөн ашык илимий-методикалык жана илимий-публицистикалык эмгектин автору. Эл аралык «SPI Алтын медалы» (Париж, 2003), Кембриж университетинин «Алтын медалы» (2000) менен сыйланган. Эмгектери: Структурно-функциональные типы и семантика причастных конструкций в киргизском языке. М., 1983;Парадигматические типы причастных конструкций в киргизском языке. Ф., 1987; Кеп маданияты жана норма. Б., 1999; Текст: Прагматика. Структура. Б., 2000; Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Б., 2004; Вопросы кыргызского языкознания. Б., 2010.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мусаев Сыртбай Жолдошович, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.