Инфузориялар (лат.
Дене узундугу 10 мкмден 3 ммге жетет, түрдүү формада кирпикчелер менен капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешпкчеси анча терең эмес чуңкурчада жайгашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак спңпрүү вакуолдор менен байланышат. Спңпрбеген азыктын калдыктары атайын жылчыкча (порошица) аркылуу сыртка чыгарылат. Инфузориялардын ядросу (макронуклид) жана ядрочосу (мпкронуклид) болот. Ядросу зат алмашуу процесспн тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол менен көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радпалдуу жайгашкан түтүкчөлөр менен курчалган. Зат алмашууда иштелип чыккан акыркы заттар түтүкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылганда сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ыңгайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол менен жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалдаганда эки особь бир бирине жакындашып, ооздорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү менен алмашат, башкача айтканда жыныс жолу менен да көбөйөт. Жагымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 классы (кирпиктүү жана соргуч), 400дөй уруусу деңиздерде, тузсуз жана мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар жана жөнөкөйлөр менен азыктанат. Көпчүлүк Инфузориялар комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочулар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык жана адамдын оорусун пайда кылат. Алар генетикалык, цитологиялык жана башкалар изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инфузориялар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.