Жумуру курттар (лат.
Алгачкы карбон мезгилинен белгилүү. Денеси ар кандай узундукта (0,5 мм-8 м), сегменттерге бөлүнбөйт, туурасынан кескенде тегерек, жумуру. Денеси тери булчуң кабы менен капталган. Азык сиңирүү системасы үч бөлүктөн турган ичеги түтүкчөсү арткы тешик менен аяктайт. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридий же түрүн өзгөрткөн тер бездери түрүндө болот. Айрым жыныстуу. Эркеги ургаачысынан кичирээк жана денесинин арткы бөлүгү ийилип турат. Денесинин алдыңкы бөлүгүнөн орун алган нерв түйүндөрү жана алардан узатасынан кеткен нерв талчалары бар. Дем алуу жана кан айлануу системалары жок.
Сезүү органдары начар өрчүгөн. Ургаачысынын жыныс системасы жуп түтүк сымал жумуртка безинен, жумуртка өткөрүүчү түтүк жана жатындан; эркегинин жыныс системасы бир урук бези, урук чыгаруучу түтүк жана урук чачуучу каналдан турат. Жумуртка таштайт, айрымдары тирүү тууйт. Эркин жашоочулары туздуу, тузсуз сууда жана көлмөдө, топуракта кездешет. Бактерия, балырлар, детриттер менен азыктанат. 20 миңге жакын түрү белгилүү. Мите түрлөрү жаныбарлар менен өсүмдүктө, адам организминде мителик кылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жумуру курт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.