Жарамазан – орозо (мусулман календары боюнча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски диний жана каада-салт ырлары.
Жарамазанды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Жарамазан айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-бакыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяктуу жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Жарамазан туруктуу даяр ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылат.
Жарамазан – ислам динине чейин пайда болгон фольклордук жанр жана өзү нүн мазмунун ислам дини менен толуктап, байыткан. Жарамазан айткандар үйгө, анын жашоочуларына бакыт, бейпилдик, байлык, ырыс, ынтымак, тилеп, бала – бакырасына өмүр каалап ырдашат. Ырдын мазмуну айтып тургандай, жарамазанды кедейлер орозо күндөрү байларга барып ырдашкан.
Жарамазандын бардык түрү бири – бирине окшоп, түрлөрүндө айырмачылыктар аз.
Мисалы: Ассолому алейкум жарамазан, Оо, жарты наның жок беле?
Он эки айда бир келген орозожан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан, - деп, орозого, динге байланыштырып келип, анан жарамазанчы өз мүдөөсүнө өтөт:
Уктап жаткан балдарга умай салам,
Кулак каккан жандарга дубай салам.
Жарамазан айта келдик эшигиңе,
Кудайым уул берсин бешигиңе.
Ушул үйдүн түндүгүн айга баткан,
Айга баткан жагына алтын таккан.
Аппак айдай жеңени кайдан тапкан?
Ушул үйдүн түндүгүн күнгө баткан,
Күнгө баткан жагына күмүш таккан.
Күндөй аппак жеңени кайдан тапкан?
Ушул үйдүн түндүгү кайың бекен?
Бизге берер жоолугу дайын бекен?
Ушул үйдүн түндүгү арча бекен?
Бизге берер жоолугу чарчы бекен?
Жарамазан айткандын жайы бардыр,
Жайып алган куруттун майы бардыр.
Курут берсең, туруп бер жеңе,
Бети – колун жууп бер.
Бычак берсең кындап бер, ава,
Улоо берсең, чындап бер.
Жамбы берсең бул жайда,
Жарыгы тиет ал жайда.
Соолук берсең бул жайда,
Сообу тиет ал жайда.
Жабышып уктап калыпсың.
Бүтүн наның жок беле?
Бүрүшүп туктап калыпсың, - деп кетип калышат. Кээде мындан да өткөрүп айтышат. Атүгүл, каргаганга чейин барышат. Эгер жарамазанчыларды ыраазы кылса, алар төмөнкүдөй ак батасын беришкен: Бөлчү, бөлчү, бөлчү бол,
Бөдөнөдөн сакчы бол.
Кумга коюң жайылсын,
Куйрук менен боор же.
Алайга жылкың жайылсын,
Казы менен карта же,
Кабыргасын тарта же.
Уугуң учтуу болсун,
Уузуң күчтүү болсун.
Керегең көктүү болсун,Келиниң септүү болсун!
Жарамазан жаштарды дүнүйөкорлукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. Эл арасында бөлүнбөөгө, эл көргөн күндү чогуу корүүгө, кайрымдуу, боорукер болууга чакырган Орозо кармаган адамдар ачка адамдардын кадырын түшүнгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жарамазан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.