Чубак Сатаев — 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган.Советтик жана Кыргызстандык ырчы, аткаруучу, обончусу
Чубак Сатаев | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Туулган датасы | 13 -январь 1960 |
Туулган жери | Боо-Терек (Ключевка) айылы, Бакай-Ата району, , Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР |
Өлгөн датасы | |
Өлкө | |
Кесиптери | ырчы, обончу |
Аспаптары | |
Активдүү жылдары | |
Super.kg: ID 415 |
Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, "сен олуттуураак ырларга өт" деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. "Арман, ай", "Кайгырбачы, кан досум", "Кең дүйнө", "Ак бата" ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, "кежигем тырышып жатат" деп жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чубак Сатаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.