Жакболот марганец кени — Нарын районунда, Нарын шаарынан 65 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун батыш капталындагы Жакболот суусунун баш жагында.
1936-ж. табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон терриген жана акиташ тоотектери түзөт. Марганец рудасы ошол тектердин арасында линза сымал 5 кабаттан турат. Алардын калыңдыгы 2–10 м, узундугу 10–14 м. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кендеги марганецтин орточо кондициялык өлчөмү 6–7%, чанда 15,5%, темирдики – 11–12%ти түзөт. Руда чөкмө, айрым изилдөөлөр боюнча жанартоо-чөкмө жолу менен пайда болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жакболот марганец кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.