Даниялыктар

Даниялыктар, дандар (өздөрүн дан- скере деп аташат) – Даниянын негизги калкы.

Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг-Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат. Саны 5,7 млн киши, анын ичинде 5,1 млну Данияда (2000). Даниялыктар дания (дан) тилинде сүйлөшөт. Даниялыктардын көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант жана католик дининде. Даниялыктардын түпкү теги биздин заманга чейин 3-миң жылдыктын аягында Даниянын азыркы аймагына Скандинавия аралынан көчүп келишкен кимврлер, юттар, англдар, сакстар сыяктуу герман уруулары, 5–6-кылымда Түштүк Швециядан келген дан уруулары (өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган) деген божомолдор бар. Алар фриздер, Балтика өндүрүндөгү славяндар менен аралашып, бир этноско биригип кеткен. Викингдердин үстөмдүгүнүн тушунда Даниялыктардын мамлекети пайда болуп, христиан динин кабыл алган. 10–11-кылымда бирдиктүү дания эли калыптанып, 19-кылымда улут болуп түзүлгөн. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук менен кесиптенишет. Даниялыктарда байыртадан кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Темир жана жыгач устачылык, зергерчилик, карапачылык, кездеме жана килем токуу иштери өнүгүп, 19-кылымдын аягына чейин бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа жана металл буюмдары кеңири колдонулган. Эркектер кездеме токуп, жаныбарлардын турпатын жыгачтан жасашкан. Даниялыктардын көпчүлүгү шаарларда турушат. Улуттук кийимдери негизинен жүндөн токулат. Аялдар жеңдүү кофта, кенен тигилген узун юбка кийип, алжапкыч тагынышкан. Эркектер ак көйнөк, багалеги тизе ылдый шым, тизеден жогору жүн байпак, күрмө, улгайгандары кемсел, башына жүндөн токулган баш кийим же цилиндр (өтө бийик төбөлүү калпак) кийишкен. Тамак-ашы – эт, балык, сүт азыктары, анын ичинде күрүч, таруу, буудай, арпадан бышырылган ботко, фледегред (малина менен каймак аралаштырып жасалган буудай ботко), бутерброддун 700 түрү, маргарин кеңири колдонулат. Суусундук катары кофе, чай ичишет. Айыл жерлеринде дыйкандар арпадан пиво кайнатышат. Улуттук майрамдары – Ыйык Люсия (13-декабрь), Ыйык Кнюда (13-январь) жана башка.

Даниялыктар
Даниялыктар
Даниялыктар (1911-жыл)

Danskere
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 5 602 628
2013-жылдагы маалымат боюнча
Даниялыктар Дания : 4 963 806
Даниялыктар АКШ: 1 430 897
Даниялыктар Канада: 170 780
Даниялыктар Бразилия: 140 000
Даниялыктар Австралия: 100 000
Даниялыктар Германия: 50 000
Даниялыктар Швеция: 42 602
Даниялыктар Испания: 8 944
Калып:Өлкө желеги/Гренландия: 6 500
Даниялыктар Жаңы Зеландия: 3 507
Даниялыктар Исландия: 2 802
Даниялыктар Фарер аралдары: 2 800
Даниялыктар Ирландия: 809

Тили

Данча

Дини

Лютерчилик (Христианчылык)

Расалык тиби

Европеоид

Тууган элдер

Шведдер

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан:энциклопедия

Tags:

АКШАвстралияГерманияДанияКанадаНорвегия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОмонимКөзкамандар окуясыСинонимДарыларМеркурийАбу Наср ал-ФарабиТүндүк АмерикаТукум куугучтукНасыяСкифтерКан агууКыргыз Республикасынын экономикасыКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаОрусияНерв тутумуЖөтөлТаш дооруТкандар (биологияда)Жеңиш чокусуЭтносЦивилизацияМурундан кан агууЛирикаБириккен сөздөрПрокси серверТоголок Молдонун чыгармаларыКыргыз алфавитиСарыбагышЗат атоочЖаңыл МырзаСеметейдин Букардан Таласка келишиЖусуп АбдрахмановСаякбай КаралаевОкутуу ыкмаларыТеңир-ТооОрганикалык эмес химияСаруу (уруу)АлфавитКокон көтөрүлүштөрүКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыМурунЭссеОрозоОй жүгүртүүМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыЧечендерБайламталарКаныбекТеңдемеТилЮридикалык жакты жоюуКараханийлер кагандыгыМанас эпосуАдеп-ахлактуулукХундарИдиомаАлгачкы СоветтерИнтерактивдүү окутууУкук коргоо органдарыМеталлАтеросклерозИшкердикКакырыкФразеологизмЭлектр тогуЛенц эрежесиЖөндөмөТамырСел“Карагул ботом”( дастан)Василий РадловКайра курууЖарыктын чагылышыНатуралдык санАба (атмосфера)Этнопедагогика🡆 More