Д а в а н ь, П а р к а н а – б.
з. ч. 1-миң жылдыктын акыры – б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Фергана өрөө-нүндө өкүм сүргөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Дабан) деп аталган. Коомдук түзүлүшүндө эрте феодалдык мами-лелер үстөмдүк кылган. Саясий түзүлүшүн чектелген монархия катары мүнөздөөгө болот. Мамл-тин падыша башкарган, анын бийлиги аксакалдар кеңеши м-н чектелген. Падыша маанилүү чечимдерди кабыл алууда аксакалдар кеңеши м- н макулдашкан. Мамл-тин борб. Эрши ш. болгон. Ал азыркы Араван кыштагынын жанындагы Мархамат шаар чалдыбары болсо керек. Мамл-те 70тен ашык чоң, кичине шаарлар болгон. Ш-ларга мунаралар салынып, коргон м-н курчалган. Калкынын саны 300 миңден ашык, чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Отурукташкан калк дыйканчылык м-н кесиптенген. Д-дыктар күрүч, буудай, беде, пахта айдашкан. Жемиш бактарын өстү-рүшкөн, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө бузулбай сактала турган шарап даярдашкан. Уй, кой, эчки, төө, жылкы багышкан. Өзгөчө асыл тукум жылкылары м-н даңазаланышкан. Байыркы кытай тарыхый жылнаамаларында «Дабан аргымактары жылкылардын асман тукумунан жаралган, алардан кызгылт тер чыгат» – деп айтылат.
Аска беттерине түшүрүл-гөн сүрөттөрдөн Д-дыктар жылкыга табынганы да байкалат. Д- дыктар Улуу жибек жолу калыптана электе Чыгыш Түркстан м-н соода байланышын түзгөн. Кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Д-га келген. Бул мамл-ти ал Д. деп белгилейт. Д. ж-дө кытай императорлору ушул элчиликтин маалыматтары-нан билишкен. Соода жолунун маанилүү түйүнү болгон Д. мамл-н каратып алуу ж-а даңазалуу жылкыларга ээ болуу максатында Хан императору б. з. ч. 104-ж. ж-а 102-ж. Ли Гуанлинин жетекчилиги астында эки жолу согуштук жортуулун уюштурат. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Д-дын чыгыш чегарасында жайгашкан Ю ш-нан ары өтө алган эмес. 2-жортуулда чыккынчынын жардамы аркылуу Эрши ш-на кире алышкан. Кытайлыктар кайткандан кийин аксакалдар кеңеши алардын койгон падышасын өлүмгө буйруп, Хан дөөлөтүнүн бийлигин тааныбай тургандыгын далилдеген. Кытайлар м-н согушта Эрши бүл-гүнгө учурагандыктан, Д-дыктар борборун Эршиден Гуйшанга көчүрүшкөн. Согуштан кийинки мезгилде Кытай м-н элчилик байланыштарын жүргүзүп турушкан. Б. з. ч. 42– 36-ж. түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Д-дыктарды баш ийдире алган эмес. Б. з.
1-к-нын ортосунда Чыгыш Түркстандагы Жаркенге убактылуу баш ийген, 5-к-дын аягында Кушан империясы каратып алат. Б. з. 3–5-к-да Д. өз алдынчалыгын сактап турган. 5-к-дын ортосунда Фергана өрөөнүн толугу м-н эфталиттер каратып алган.
Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дабан мамлекети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.