Вроцлав (орусча Бреславль, немецче.
Бреслау) – Польшанын түштүк-батышындагы шаар. Одра дарыясындагы порт. Вроцлав воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) борбору. Калкы 633,3 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар. Машина куруу, химиялык, жеңил, жыгаччылык, тамак-аш өнөр-жайы; университет, бир нече илимий изилдөө институттары, китепкана, Польша Илимдер Академиясынын басмасы, опера театры, Силезия, археологияк музейлери бар. 10-кылымдан баштап эскерилет. Силезиянын башкы шаары, бир топ кылым (1945-ж. чейин) немецтер үстөмдүк кылган. 13-16-кылымдагы ратуша, 13-18-кылымдагы костёлдор менен үйлөр, «Кылым залы» (Эл үйү; 1911-13), Бириккен жерлердин көргөзмө комплекси (1948-жылдан) бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вроцлав, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.