Брюгге

Брюгге (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын Түндүк-батышындагы шаар.

Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 116,6 миң (2006). Деңиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-ж. 32 млн тонна жүк ташылган) Түндүк деңизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге Остенде, Брюгге Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет.10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан Эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эң ири деңиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-кылым), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү жана башка бар. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинде балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазга кыр чыгаруунун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОюнКыргыз элдик оозеки чыгармаларЖети атаЖер титирөө“Алтын кыз” (драма)Алымбек даткаУлуу жибек жолуСеметей эпосуПирамида (геометрияда)Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыЖетимишев СейитКургак учукТемпераментЖукеев ТабылдыБышыктоочторУзак жолЖайлооКиринди сүйлөмКыргыз Ала-ТооЖыл мезгилдериЭлектр зарядыЖаз мезгилиЭнесай кыргыздарыБишкек чебиСарыкХимияНоокат районуКызматчы сөздөрБруцеллёзПрокуратураКислоталар жана негиздерЭлектрондук почтаСарыбагышЭне-Сай кыргыз кагандыгыЖаңыл МырзаКүрөшЖеңиш КүнүКыргыз Республикасынын президенттери«Көкөтөйдүн ашы»Айлана-чөйрөОрхон-Енисей жазуусуКойСейтекБакайМидин АлыбаевКитептин тарыхыМеталл эместерБашкаруу байланышыАскар АкаевАлаш (партия)ЖакыпКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыТөл сөзЖеңиш чокусуПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыЭтишЖасалма интеллект деген эмне?ӨлүмПолот ханАлфавитМаалымат технологиясыКомузСинтетикалык каучукМагнит талаасыСогушАмин кычкылдыктары (аминокислота)Андронов маданиятыКорукКыргызстандын Орусияга каратылышыКалыгул Бай уулуТүрк кагандыгыМанас эпосунун идеясыТоп жылдызЖаратылышты коргооЖер атмосферасыБасым (физикалык)АракечтикИнфляция🡆 More