Боролдой акиташ теги жана кампарит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Боролдой кыштагынан 15 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк-чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1900–2000 м бийиктикте.
Кен 1939-ж. белгилүү, 1950–54-ж. “Средазгеолнеруд” трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен Таш-Көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш жана боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыңдыгы 95 мге жетип, анын тилкеси 350 м. Химиялык курамы боюнча акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО3–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 кг акиден 2,5 л эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, температурасы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу аки алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ з-ду карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата калган запасы 652 миң т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Боролдой акиташ теги жана кампарит кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.