Бегония - (лат.
Жоон тамырлуу, көп жылдык чөп өсүмдүгү, кээси бадал же лиана сымал. Сабагы түз, төшөлүп же жармашып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Айрым түрүнүн жалбырагы темгилдүү. Гүлү бир жыныстуу, мөмөсү кутуча, уругу абдан майда. 900дөй түрү белгилүү. Көбүнчө тропик жана субтропикте (Австралиядан башка) өсөт. КМШ өлкөлөрүндө гүлү жана жалбырагы кооз түрлөрү рекс, чаар бегониялар ж. б. оранжереяда, үйдө, гүлзарларда, Кыргызстанда Креднер, Марта, Бисмарк сорттору өстүрүлөт. Сабак, жалбырак калемчелери жана уругунан көбөйтүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бегония, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.