Баязид Найзагай - (1360-8.
3. 1403) Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389-1402). Атасы Мурат 1нин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан жана Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389-90). Египеттегпи ички келишпестиктерди чебер пайдалануу менен, Сивас султандыгынын жерлерпн, Жанык жана Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг шаарларын өз ээлигине кошкон. 1389-ж. Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Баязид I жетектеген түрк аскерлери 1393-96-ж. Болгарияны, Македонияны жана Фессалияны басып алып, кийин Балкан жаңы аймагына түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394-1401-ж. Баязид I Константинополду камоого алган. 1396-ж. сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерпн талкалап, бул жеңиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-ж. Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери менен болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (к. Анкара салгылашы) жеңилип, туткунда курман болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Баязид Найзагай, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.