Барсылдак (лат.
Бийиктиги 130 см. Бутагы тикенектүү, жалбырагы татаал, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, көк, кош жыныстуу. Мөмөсү жемиш, түркүн түстө, тоголок, сүйрү, көп уруктуу.
Түндүк Америка, Европа, Азияда жапайы 50дөй түрү бар. Кыргызстанда жапайы 1 түрү Ысык-Көл өрөөнүндөгү тоолордо өсөт. Эгилме Б. Россияда, Белоруссияда, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Кыргызстанда (Чүй, Ысык-Көл облусунда) өстүрүлөт. Мөмөсүндө кант, органикалык к-та, пектин заты, С, В1, Р витамин, А провитамини (каротин), темир, фосфор туздары болот. Мөмөсүнөн кыям, компот даярдалат. Зыянкечтери: барсылдак бүлбүлдөгү, барсылдак-карагат таарыгыч. Илдети: филлоксера.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Барсылдак, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.