Барий (лат.
Baryum; гр. barys - оор, Ba) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIА группа элементи, к.н. 56, ат. м. 137,34, щелочтуу жер металлдарына кирет. Жаратылышта Б. ат. м. 130Ва, 132Ва, 134Ва, 137Ва жана 138Ва болгон туруктуу жети изотобу бар. Б.К. Шееле биринчи жолу (1774) барий оксиди (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү Б. Х. Дэви Ва(ОН)2 электролиздөөдөн алган (1808). Б. – күмүш түстүү ак, жумшак металл; эрүү темп-расы 710оС; кайноо темп-расы 1640оС. Бирикмелеринде II валенттүүлүктү көрсөтөт. Щелочтуу жер металлдарына кирет. Хим. касиети б-ча кальций, стронцийге окшош. Ва - активдүү металл, абада тез окистенет да, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу менен реакцияга кирип Ва(ОН)2 айланат. Б. галогендер менен реакцияга кирип галогениддер, күкүрт менен сульфид (ВаS), суутек менен гидрид (ВаН2) пайда кылат. Өнөр жайларда металл түрүндөгү Б. ВаОну алюминий күкүмү менен калыбына келтирүүдөн алынат:
4ВаО + 2Аl = 3Ba + BaOAl2O3
же 6BaO + 4Al = 6Ba + 2Al2O3
Ва жана анын Мg, Al менен болгон куймалары вакуум техникасы, металлургия, коргошун менен болгон куймасы басмаканада ариптер даярдоодо колдонулат. Б. пероксиди – BaO2 суутек переоксидин алуу, өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди – BaS тери жыдытуу үчүн, ВаО – айнек, BaF2 – оптикалык айнек жана башка көптөгөн бирикмелери, цемент, түрдүү эмалдарды алууда жана медицинада да колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Барий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.