Бактерек гипс кени Нарын облусунунда, Куланак кыштагынан 6–7 км түштүк-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2000–2552 м бийиктикте.
1959–60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмө тектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5–14,5 м, узундугу 5 кмге чейин. Гипсте катмарча жана линза сымал жаткан, калыңдыгы 0,5 мге чейинки акиташ теги менен чопо катмарлары кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. Технологиялык сыноодо 1-сорттогу курлуш гипси алына тургандыгы аныкталган. Карьерден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 1354 миң m. Жер кыртышын гипстентүүдө, цемент өндүрүүдө колдонулат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бактерек гипс кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.