Багыныңкы сүйлөм - багыныңкы байланыштагы кошмо сүйлөмдүн тутумунда туруп, мааниси жана грамматикалык түзүлүшү боюнча баш сүйлөмгө багынычтуу, көз каранды болгон бирдик (сүйлөм).
Кошмо сүйлөмдүн тутумундагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн синтаксистик милдеттери ар түрдүү келип, аны аныктоонун, классификациялоонун негизги критерийи катары баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн маанилик ички катыштары эсептелет. Мындай катыштар байламталардын жана багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочунун түзүлүшү менен формасынын жардамы аркасында аныкталат. Кыргыз тилинде багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен түзгөн маанилик катышына, баяндоочунун формасына жана түзүлүшүнө, аткарган синтаксистик милдетине жараша: мезгил багыныңкы сүйлөм, шарттуу багыныңкы сүйлөм, себеп багыныңкы сүйлөм, сыпат багыныңкы сүйлөм, каршы багыныңкы сүйлөм, салыштырма багыныңкы сүйлөм, максат багыныңкы сүйлөм, өлчөм багыныңкы сүйлөм, орун багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Багыныңкы сүйлөм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.