Афрасиаб — байыркы Согду мамлекетинин борбор шаары, Өзбек Республикасынын аймагында Самарканд шаарынын түндүгүнөн орун алган, аянты 219 гага жакын.
Зороастризмдин ыйык китеби - «Авестада» Афрасиаб аталышы адам аты катары эскерилет. Ал эми эл арасында сакталып калган эзелки эпостордо Туран аймагынын башкаруучусу Афрасиаб шаарын салдыргандыгы айтылат. 4-кылымга чейин, башкача айтканда Александр Македонский басып алганга чейин аймактагы эң ири шаарлардын бири болгон. 8-кылымда Согду мамлекети Араб халифатынын курамына кошулгандан кийин, Афрасиаб шаары кол өнөрчүлүктүн жана сооданын борборуна айланып, мурдагыдан да гүлдөп-өскөн. 9-кылымдан бул шаар тарыхый булактарда Самаркан, 11-15кылымга таандык түрк тилиндеги эмгектерде Семизкент деген аталыш менен кездешет. 1220-жылы шаар Чынгызхандын аскерлери тарабынан талкаланган. Кийин анын жанына азыркы Самаркан шаары салынган. Афрасиаб шаарына археологиялык казуу иштерин алгач Борзенков (1874), В. В. Крестовский (1883), Н. И. Веселовский (1884-85, 1895),B.В. Бартольд (1904) жана В. Л. Вяткин (1905; 1912-13) жүргүзүшкөн. Казуу учурунда 10-кылымга тиешелүү чоң мечит, ошондой эле моңгол баскынчылары тарабынан өрттөлгөн мечит, шаардыктардын турак-жайлары, 7-8-кылымдагы хан сарайынын калдыктары, суу түтүктөрү, курал-жарактар, кооздук буюмдар жана башкалар табылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Афрасиаб, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.