Атом ядросу(өзөгү) - атом бүткүл массасы жана саны б-ча нейтралдуу атомдогу бардык электрондор зарядына барабар болгон оң заряд топтолгон атом борбордук бөлүгү, данеги.
Атом ядросу протон жана нейтрондон (нуклондор) турат. Атом ядросу оң электрдик зарядынын саны электрондун зарядынын бирдигинде ядро курамына кирген протондун санына барабар болуп, ал эми анын саны элемент катар номерине барабар болот. Протон жана нейтрон суммасынын саны элемент изотобунун массалык санын туюндурат. Электрондун массасы А.я. массасына караганда өтө кичине. Мис., хлор атомунда электрондун үлүшүнө =0,009 м.а.б. туура келет. Ядро атомдун ички мейкиндигинин эң кичине бөлүгүн ээлейт, анын өлчөмү 10-14-10-5 м. А.я. жашоосу атайын ядролук күчтөр аркылуу шартталат. А.я. касиеттери протон жана нейтрон саны менен аныкталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Атом ядросу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.