Атмосфера Басымы

Атмосфера басымы - атмосферадагы абанын Жер бетине жана андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы.

Атмосфера басымы - атмосферанын абалын мүнөздөөчү негизги чоңдук, атмосферанын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы менен аныкталат. Бир литр абанын салмагы 1, 2928 г, ал 1 см2 аянтка 1033 г басым жасайт. Атмосфера басымы барометр же гипсотермометр менен өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы (н/м2) же 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) жана оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деңиз деңгээлинен ж-а 45° кеңдик боюнча) чоңдугу менен туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу атмосфера басымы 760 мм сымап мамычасы =1013,25 мбар =101325 н/м2. Бийиктик жогорулаган сайын атмосфера басымы азая берет: 5 км бийиктикте атмосфера басымы Жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон жана башка) карабастан, жер бетиндеги жылдык орточо атмосфера басымы бир калыпта болот. Деңиз деңгээлиндеги бийиктикте байкалган эң төмөнкү басым 584 мм, эң жогорку 808,7 мм.

Атмосфера Басымы
Атмосфера басымы (6-2012).

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Tags:

АтмосфераБарометрБасым (физикалык)Жер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жарык дисперсиясыДарыяЖастин БиберТарбияДабан мамлекетиТоголок МолдоКурманбек эпосуТөлөгөн КасымбековАаламЭтикаЖаз мезгилиКусууСезүү мүчөлөрүЗат жана энергия алмашууФайлдык системаларБаскетболТеатрСолтоПланетаКарым-катнашСак уруусуБоумен капсуласыТаандык байланышСары-ЧелекСПИДПринтерМыйзам (укук)Бөтөн нерсе (медицина)Мамлекеттердин тизмесиБруцеллёзАбиотикалык факторлорДекларация (жарнак)Кыргыз алфавитиКыргыз адабиятыЫсык-КөлКоррупцияБалыкАлфавитЖемиштерКыргыз тилинин грамматикасыБайламталарЖүлүнКыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышыСтильАбдыкерим СыдыковТишБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыЭвтаназияТерроризмУзакбай АбдукаимовБаяндооЭнесай кыргыздарыОкутуу процессиКайра курууКыргыз-Ойрот согуштарыЭнциклопедияАйлана чөйрөнү коргооКыргыздардын тарыхыКайра жаралууКөмүртекМенеджерБаш мээ нервдериБөлүкчөАзияПсихологияЭлементтер мезгилдик системасыМанас эпосуКурманжан ДаткаУильям ШекспирКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыЛексикалык мааниАдабий сынТуруктуу сөз айкаштарыВирустуу гепатитЭтишЛитосфера🡆 More