Амритсар – Индиянын түндүк-батышындагы шаар.
Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,1 млн (2004). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Армистарда сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16–18-кылым) жайгашкан. «Алтын храм» 1761-ж. кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген , индустардын Дургиана храмы да бар. А. өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык, машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Амритсар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.