Ак-Суу чопо кени Чүй өрөөнүндө , Сокулук районунда, Ак-Суу т.
ж. бекетинен 1 км түштүк-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959–60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөң, кызгылт күрөң түстө, майда күлботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыңдыгы 1,6–8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыңдыгы 0,1–0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук жана шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005–0,05 мм – 76,92%, 0,05–0,5 мм – 21,54%, 0,5–2,0 мм – 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич заводунда «100», «150» маркадагы кирпич жана черепица жасалат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ак-Суу чопо кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.