Абшырсай сурьма кени – Ош облусунун Ноокат районунда, Көк-Жар кыштагынан түштүк тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2600–3100 м бийиктикте.
Параметр text не задан |
1946-ж. табылып, 1966–82-жылдары мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен жаткан аймак силур мезгилинде пайда болгон акиташ теги менен сланецтерден жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузияларынан турат. Кен татаал өзгөрүүлөргө учурап, өтө жаракаланган антиклиналдык түзүлүштүн түндүк-батыш капталында жайгашкан. Сурьма кени бири биринен 25–30 м аралыктагы эки руда горизонтунан (астынкысы акиташ теги менен сланец катмарларынын ортосунда, үстүнкүсү сланецтин арасында) турат. Руда линза жана тарамча түрүндө (калыңдыгы 1 смден 25 мге чейин). Негизги минералдары: антимонит, валентинит, кермезит, алардан башка киноварь, реальгар, пирит, арсенопирит, пирротин, халькопирит, марказит, сфалерит жана флюорит да бар. Сурьманын орточо өлчөмү 4,71%, алтындыкы 1,08 г/т, флюориттики 25,4%. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 338,6 миң т. Сурьманын запасы 14114 т, алтындыкы – 1,97 т, флюориттики – 56763 т.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Абшырсай сурьма кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.