Өндүрүш сарпы — продукт чыгарууга жумшалган же жумшалып жаткан эмгектин жалпы чыгымы.
Эмгектин өзү, эмгек заты жана каражаттары Өндүрүш сарпынын алгачкы элементтерин түзөт. Эмгек процесси кайталангандай (кайталанма өндүрүштө) эмгектин зат элементтеринин (өндүрүш каражаттарынын) кенемтеси коомдук продуктунун эсебинен кайра толот. Эмгектин орду болсо кайра толбой, дагы чыгымдала берет. Бирок ал үчүн эң оболу адамдын жумушчу күчү (ишке жарамдуулугу) кайра калыбына келтирилүүгө тийиш. Жумушчунун ишке жарамдуулугун калыбына келтирүүчү жашоо каражаты — зарыл продуктунун өзү.
Зат элементтерине тиешелүү Өндүрүш сарпы- материал ресурстардын (өндүрүш каражаттарынын жана жумушчулардын жашоо каражаттарынын) орток чыгымы. Өндүрүш сарпынын мазмуну жана формасы тиешелүү өндүрүш ыгына мүнөздүү өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлине, о. эле жалпы продукт менен жумушчу күчүн кайталап өндүрүүдөгү өзгөчө шарттарга жараша аныкталат. Бурж. коомдо Өндүрүш сарпы коомдук эмгек чыгымы жана капитал чыгымы деп айырмаланат. Капит. өндүрүштүн түпкү булагы — ишканачынын өндүрүш каражаттарын жана жумушчу күчтү сатып алууга жумшаган акчалай чыгымы. Соц. коомдо Өндүрүш сарпы коомдук продукт өндүрүүгө жумшалуучу бүт коомдук эмгек жана материал ресурстар чыгымы деп айырмаланат. Өндүрүш сарпынын жалпы деңгээли ил. негиздеги нормативдерге ылайык пландаштырылат да, дайыма төмөндөп турат. Бул — соц. өндүрүштүн объективдүү закон ченеми.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Өндүрүш сарпы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.