Үчилтик — генеалогиялык принцип боюнча өнүккөн эпикалык чыгарманын түрмөгү.
Кыргыздын баатырдык эпосторунун ичинен үч бөлүктөн түзүлгөн "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору Ү-ке жатат. Ү. Манас баатырдын
өмүр баяны менен башталып, анын уулу Семетей, небереси Сейтектин эрдик иштери менен бүтөт. Улуу манасчы Саякбай Карала уулунун вариантында эпос Манас баатырдын беш муунуна чейин баяндалат. Ал эми Кытай эл республикасында жашаган манасчы Жусуп Мамай "Манас" эпосун сегиз муунга жеткирет. Бирок эпостун элге кеңири белгилүү үлгүсү — "Манас", "Семетей", "Сейтек" Ү-ги болуп саналат. Айрым-айрым алганда жекече өзгөчөлүктөрү бар Ү-тин ичинен айрыкча терең иштелгени — "Манас" бөлүгү, к. "Манас" эпосу, "Семетей" эпосу, "Сейтек" эпосу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Үчилтик, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.