Саам тили (өз аталышы - suomi, suomen kieli) — финндердин тили, саам-мажар бүлөсүнүн балтик-саам тобуна кирген тил.
Саам-мажар жана самодий тилдери (энец, ненец, нганасан, селкуп) орол тилдеринин бүлөсүн түзөт.
Финляндияда, Швециянын түндүгү менен Норвегияда, Карелияда жана Америкада (негизинен АКШда) таралган. Финн-угор тилдерине кирет. Алгачкы жазуу эстеликтери 13-14-кылымдарга таандык. Адабий тилинин жаралышына саам жазмасынын түзүлүшү (1540) өбөлгө болгон. Азыркы адабий тилинин калыптаныш процессин 19-кылымдын 70-жылдары аяктаган.
Финляндия аймагына таралган саам тили батыш жана чыгыш деген эки бутакчага биригип 7 диалекттен турат. Азыркы саам тили - мүчөлөмө (агглютинадиялама) тил. 15 жөндөмөсү бар, жыныстык категориясы жок. Лексикасында балтика, герман, славян тилдеринен кабыл алынган сөздөр учурайт. Жазмасы латын арибинин негизинде түзүлгөн.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саам тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.