Панкреатит

Панкреатит (латын тилинен pancreatitis, байыркы грек тилинен πάγκρεας — карын астындагы без+ -itis — сезгенүү) — уйку безинин сезгениши.


Панкреатит
Катуу кармаган панкреатит

Түрлөрү

Панкреатит

  • катуу кармаган жана
  • өнөкөт болуп айырмаланат.

Катуу кармаган панкреатит

Катуу кармаган панкреатит менен 30—60 жаштардагы, айрыкча аялдар ооруйт. Көбүнчө май алмашуу бузулгандарда кезигет. Панкреатитке аракечтик (Өнөкөт аракечтик), начар же өтө ашыкча тамактануу, өт жолдорунун таш оорусу түрткү берет. Уйку бездин кан тамырларынын жабыркашы (тромбофлебит), инфекция оорулары, ич көңдөйүнүн травмасы жана сезгениши панкреатитке себеп болот. Оору көп учурда майлуу, өткүр тамак жана алкоголь ичкиликтерин ичкенде ичтин жогору жагы капысынан катуу ооруп башталат.

Формалары

Катуу кармаган панкреатиттин белгилери ар түрдүү болуп, жеңил формасында ич бир аз ооруйт. Ал эми катуу формасында өтө катуу ооруп, коллапс, шок абалына чейин жетет.

Белгилери

Бул учурда ичтин жогору жагы курчалып катуу ооруйт, оору аркага берилет, окшуйт, кусат, ич көбөт, катат, чанда өтөт, тамакка табити тартпайт. Панкреатиттин биринчи белгиси байкалары менен медициналык тез жардам чакырып, оорулууну төшөккө жаткырып, курсактын жогору жагына муздак коюу керек. Катуу кармаган панкреатитти демейде ооруканада дарылайт.
Катуу кармаган панкреатит өз убагында дарыланбаса өнөкөт панкреатитке өтүшү мүмкүн.

Өнөкөт панкреатит

Өнөкөт панкреатиттин белгилери сезгенүү процессинин чогулушуна жана стадиясына жараша ар түрдүү болот. Өнөкөт панкреатиттин диагнозун тактоодо кандагы ферментти лабораториялык изилдөө да колдонулат. Өнөкөт панкреатитти врач консервативдүү жол менен дарылайт. Май жана углеводу аз тамактануунун мааниси чоң. Керек болсо фермент берилет.

Алдын алуу

Панкреатитти алдын алуу уйку безин сезгентүүчү себептерди четтетүүгө, түрткү болуучу ооруну өз убагында дарылоого негизделген.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Панкреатит ТүрлөрүПанкреатит Катуу кармаган панкреатитПанкреатит Алдын алууПанкреатит Колдонулган адабиятПанкреатитБайыркы грек тилиЛатын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АнтропологияМолдо КылычКыргызстандын туусуКыргызстандагы таш дооруКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыЦивилизацияАк кууларБоз үйБириккен Улуттар УюмуКоруктарТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыКызматчы сөздөрАлгачкы коомКыргыз тилинин жазуу эрежелериАлай өрөөнүОнтогенезТыбышСейтек эпосуЭритмелерУсун мамлекетиПопуляцияТүрк кагандыгыОрфоэпияМедицинаТкандар (биологияда)Раев Султан АкимовичВитаминдерКонституцияТуз (химия)Бишкек баатырҮндүү тыбыштарКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүСПИДДарыяЛандшафтҮркүнАкындар ПоэзиясыЧыгыш АзияБалдардын курак мезгилдериТөрөтКол өнөрчүлүкЭркин-ТооДекларация (жарнак)Кыргыз улуттук оюндарыКыргыз алфавитиТабигый тандалууБиринчи мугалимИсхак РаззаковМурун бүтүүГезитМеталлургияСак цивилизациясыКусеин КарасаевРуслан АкунКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарАндашев Эрлан ШайлообековичАба (атмосфера)Мурундан кан агууСөз байланышыИлимТери ооруларыКыргызстанда медицина илимдериЯдролук күчтөрИррационалдык санӨзүбекова ЖеңишгүлАлай районуСүйлөм мүчөлөрүЫсык-Көл облусуТайлак баатырТоо арасында (роман)Жер титирөөКалай кен таштарыАпрель революциясыАрстанбек Буйлаш уулуЖакыпХристиан диниСамын🡆 More