Опера комик (фр.
ореra comique – комедиялык опера) – комедиялык операнын Францияда калыптанган түрү. Опера комик 17-кылымдагы элдик көчүп жүрүүчү театрлардын оюн-зоокторунда кезиккен. Опера комикке көбүнчө сатиралык мүнөздөгү сценаларды коюу, ак сөөктөр театрларындагы операларды тууроо мүнөздүү болгон. Бара-бара ал оюндардын мазмуну тереңдеп, көркөмдүк деңгээли жана музыкалык мааниси өскөн. Комп. Ж. Ф. Рамо, Т. Муре ж. б. Опера комик жанрында эмгектенишкен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Опера комик, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.