Нематов Нематжан- (14.03.1941 - 29.04.1996 ж.ж.
Ош шаары)-актер, Кыргыз ССР ал артисти (1980) Эмгек жолун 1957 жылы Ош өзбек музыкалык драма театырынын сахнасында иштөөдөн баштаган. Аткарган башкы ролдору: Кочкарёв (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Дөөтбай (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим») жана башка киного да тартылган (Зуннахун, «Каныбек»). Режиссёр катары М. Мирзарахимовдун «Мени бала көрбөгүлө», А. Абдугафуровдун «Тапкыч Талмас», «Гипноз-2» жана башка спектаклдерди түзүүгө катышкан. Өзбекстанда өткөн кыргыз адабияты менен искуствосунун 10 күндүгүнүн (1969) катышуучусу. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нематжан Нематов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.