Класстан тышкары окуу - Бул термин 1886-жылы орустун окумуштуусу В.
П. Шереметев тарабынан сунуш кылынган (Шереметев В. П. Соч. М.: 1897, С. 51–52). XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап бул термин педагогика илиминде жана практикада окуу сабагынын бир бөлүгү катарында жалпы билим берүүчү мектептерге киргизилген. Аны педагог тарабынан уюштурулган, окуучулардын өз алдынча көркөм, илимий-популярдуу жана башка чыгармаларды окуусу катары кабылдоо зарыл. Класстан тышкары окуу программаны мазмундук жактан кеңейтүү, тереңдетүү менен гана чектелбестен, окуучулардын сабака болгон кызыгуусун, окурмандык ишкердигин арттырып, алардын ар кандай окуу талаптарына жооп берет. Класстан тышкары окуу окуучулардын өз алдынча китеп тандоодо алардын кызыкчылыгын, табитин, канаттандыруу менен аларды нравалык, эстетикалык, аң-сезим жагынан өстүрүү, тарбиялоо каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан класстан тышкары окууну туура уюштуруу өтө маанилүү жана зарыл.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Класстан тышкары окуу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.