Кинг - СССР киносундагы таанымал айбанат-актёрлордун бири – арстан Кинг.
Баку шаарындагы Лев Берборов аттуу киши энеси асырабай койгон оорукчан арстандын күчүгүн багып алат. Кинг Берборовдун кадимки эле шаар ичиндеги көп кабаттуу үйдөгү батиринде чоӊоёт. 1973-жылы СССР менен Италия өлкөсү "Италиялыктардын Орусияда болгон укмуштуу окуясы" («ru:Невероятные приключения итальянцев в России») аттуу биргелешкен тасмага Кингди тартышкан. Тартуу иштери толук аяктай электе трагедиялуу окуя катталат. Жай мезгили болгондуктан Кинг менен кожоюну съёмка учурунда мектептин короосундагы үйдө жашап жатышкан. Күндөрдүн биринде бир жигит мектептин короосуна тосмодон ашып түшкөндө Кинг ага чуркап келип ойной баштайт. Аны жолдон өтүп бараткан милиция кызматкери көрүп калып, адамга кол салып жатат деп ойлоп атып салган.
Кинг | |
Түрү: | |
---|---|
Жынысы: | Эркек |
Туулган датасы: | 1967 жыл |
Туулган жери: | Бакин зоопаркы |
Каза болгон датасы: | 25 -июль 1973 |
Каза болгон жери: | Калып:Өлкө желеги/Москва Москва шаары, Мосфильмовская көчөсү |
Өлкө: | |
Кожоюну: | Лев Берборов |
Жумуш түрү: | |
IMDb: |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кинг (арстан), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.