Кагаз акчалар - (англис тилинде fiat money) – жүгүртүүдө толук баалуу акчалардын ордуна жүрүүчү нарк белгиси; мажбурлануучу курска ээ, адатта металлга алмашылбайт жана мамлекет тарабынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгарылат.
Кагаз акчаларды чыгаруу зарылдыгы капитализмде өнөр жай менен сооданын өнүгүшүнөн келип чыккан. Кагаз аакчалар алтын жана күмүш акчалардын айлануу процессинде аларга анын анык салмагынан белгиленген номиналдуу өлчөмдө пайда болгон. Кагаз акчалар табияты боюнча нарктын накта формасы катары алардын өздүк наркы болбойт: аларды басып чыгаруу анча кыйын эмес. Кагаз акчалардын анык наркы нарк мыйзамы, акча жүгүртүү мыйзамдары менен аныкталат. Тарыхый Кагаз акчалар алтындын жана күмүштүн белгиси катары пайда болгон. Адегенде алар Кытайда орто кылымдарда Хубилай-хан башкарган мезгилде басып чыгарылган. Кагаз акчалардын экинчи чыгарылышы жөнүндө саякатчы Марко Поло 1286-ж. эскерген. Кагаз акчалар 17-кылымдан көп чыгарыла баштаган: Швецияда 1644-ж., Түндүк Американын Массачусетс штатында 1690-ж., Францияда 1701-ж., Россияда 1769-ж. чыккан. Кагаз акчалардын өз наркы болбогондуктан, алар асыл буюмдардын жана дүйнөлүк акчалардын наркынын өлчөмүн аткара албайт. Алар жүгүртүү каражаттарынын жана төлөм каражаттарынын милдетин аткарат. Алтын стандарт алып салынгандан кийин Кагаз акчалар топтомдор жана сактам каражаттары салыштырмалуу туруктуу кезинде белгилүү бир чекте алардын милдетин аткарган. Кагазакчалар инфляция менен ажырагыс байланышта.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кагаз акчалар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.