Диана Светличная (нукура ысымы Юлия Горяйнова, төр.
29-май, 1979, Томск) — жазуучу, журналист, фотограф.
Диана Светличная | |
орус. Диана Светличная | |
Төрөлгөндөгү аты: | Юлия Горяйнова |
---|---|
Ишмердүүлүк тармагы: | журналист, жазуучу, фотограф |
Туулган датасы: | 29 -май 1979 (44 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: |
Томск шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана укук институтун бүтүргөн. Телевидениеде, радиодо жана гезиттерде журналист болуп иштеген. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучу болуп эмгектенет.
Диананын биринчи макаласы 17 жашында “Блиц-Инфого” жарыяланган. Түрмөк “Диана менен бетме-бет” деп аталган. “Дружба народов” (Москва), “Восток” (Воронеж), “Простор” (Алматы), “Литературная Киргизия” (Бишкек), “Культура” (Бишкек), “Идиот” (Санкт-Петербург) журналдарына, адабий альманахтарга, ар кайсы өлкөлөрдүн тармактык жана жалтырак журналдарына макалалары чыгып турган . Бишкекте жашайт.
— “Өзүң жөнүндө жазгандан да кызыксыз бир иш барбы? Томск шаарында төрөлгөм. Ата-энем дүйнөнү кыдырып жүрүшчү, мен алар менен көчүп-конуп жүрүп өстүм. Билимим боюнча журналистмин. Табиятым болсо жомокчу. Жашоого жана өз тексттериме жеңил карайм. Акылдуу адамдарды жакшы көрөм”, — Диана Светличная.
• 2013-жылы Бишкекте өткөн “Жибек жолу” аттуу Борбор Азиянын биринчи искусство фестивалынын катышуучусу.
• “Тармактык адабият” сынагынын жеңүүчүсү – “Бокалдагы эмен жангагы” аңгемелер сериясы үчүн (2010)[1].
• “Мекен үчүн!” аңгемеси үчүн “Мекенге болгон сүйүү жөнүндө” сынагында калыстар тобунун атайын байгеси менен сыйланган (2010) [2].
• “Open Central Asia Book Forum” Биринчи Борбор Азия форумунун финалисти – “Шахноза” повести (2012)[3]
• Татьяна Толстой менен Мария Голованивскаянын “Жакшы текст” Адабий чеберчилик мектебинин бүтүрүүчүсү [4]
• OECABF (Open Eurasian Book Forum & Literature Festival) I Борбор Азия адабий сынагында “Проза” номинациясынын финалисти. За рассказ «Шахноза» (2012) вышла в финал Первого Центрально-Азиатского форума «Open Central Asia Book Forum». Выпускница Школы литературного мастерства Татьяны Толстой и Марии Голованивской «Хороший текст». Финалистка I Центральноазиатского литературного конкурса OЕCABF (Open Eurasian Book Forum & Literature Festival) в номинации «Проза».
Диана Светличная “Иштин көзүн тапкандар” жана “Жомоктогудай Кыргызстан” мультимедиялык лонгриддердин сериясын чыгарган. Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, эң алыскы аймактарда болуп, сыналгыдан көрүнбөгөн, дайыма көмүскөдө калган адамдар менен жолугушкан. Светличная Кыргызстан үчүн эң маанилүү кесиптер тууралуу жандуу окуялары менен таанылган.
2. Кесиби — шахтёр. Жаратылышы ажайып жана турмушу катаал Жыргалаңдын жашоосу жөнүндө лонгрид.
3. Кесиби – мамлекеттик кызматкер. Социалдык фонддун райондук бөлүмүндө өткөн бир күн.
4. Почточу кесиби. Ош облусунун алыскы айылындагы аялдардын жашоосу жөнүндө
5. Медайым кесиби. Өзбекстан менен чектеш алыскы Дейрес-Сай айылынын күнүмдүк турмушу
6. Учкуч кесиби. Ырым-жырымдар, кыялдар жана асманга болгон сүйүү жөнүндө
7. Ашпозчук есиби. Пхукеттеги чайканада иштөөгө аргасыз болгон Захиданын окуясы
• Банкадагы балыктар
• Аяз ата
• Рождество
• Зина үчүн көйнөк
• Бир кашык бал [5]
• Жаңы дүйнө
• Молдавандын кызы
• Көтөрүлүү
• Деңиз жана таш бакалар
• Музыка сабактары
• Шахноза
• Шырдак
• Окуялар
• Жомоктогудай Кыргызстан
• Тоскоолдук жараткан фонтан
• Кокусунан жолуккан адамдар ж.б.[6]
2022 жылы Диана Светличная "Трещина (Жарака") Эмне үчүн Кыргызстандагы балдар экстремалдык шарттарда билим алышат[7] дата-баян үчүн долбоордун башка катышуучулары менен бирге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын өзгөчө байгесине ээ болду [8] [9] Archived 2022-02-22 at the Wayback Machine
2021-жылы “Жаңы дүйнө” журналынын версиясы боюнча Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлыкка талапкер болгон.
Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлык — чыгармаларында жаңы көркөм формаларды издөө, тилдик жана семантикалык чектерди кеңейтүү каалоосун чагылдырган орус тилдүү авторлорду колдоо максатында түзүлгөн эл аралык адабий сыйлык. Бул сыйлык 2015-жылы Торонтодо (Канада) белгилүү канадалык Litsvet басма үйү тарабынан негизделген.[10]
Кыргызстандык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин атындагы сыйлыктын номинанты болду
Диана Светличная. Кыргызстандын жаңы адабияты
Радио Sputnik Кыргызстан.«Саптардын ортосунда»: Кыргыз жазуучусу Диана Светличная менен маек.
Журнальный мир. Светличная Диана
Диана Светличная.Аңгемелер. Дружба народов.№10, 2019
The Crack. Why Children in Kyrgyzstan Study In Extreme Conditions Archived 2022-02-22 at the Wayback Machine
Диана Светличная социалдык тармактарда:
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диана Светличная, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.