Бешик ырлары - дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде кездешчү, анын ичинде кыргыз оозеки поэзиясындагы лирикалык жанр.
Бешик ыры баланы уктатуу, сооротуу, алаксытуу, тарбиялоо максатында айтылат. Ошону менен бирге анда наристенин бакты-таалайлуу, элдин кызматына жараган жакшы адам болушу жөнүндөгү ой-тилек, максат да билдирилет. Ошондой эле бөбөктүн келечегине жакшылык каалоону билдиргендиги, ага акыл- насаат айткандыгы менен да айырмаланат. Бешик ырлары коом турмушуна ылайык социалдык мотивге ээ болот. Мис.
Алдей бөпөм, ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба.
Атаң тойго кетиптир,
Ак кесе толо эт келет.
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толо сүт келет.
Алдей бөпөм, ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Кырма табак кылдырба,
Кыруусу менен койдурба.
Куру кыйнап эженди,
Кокуйлатып ыйлаба.
Бешик ыры (элдик ыр)
Уктай койчу бөбөгүм,
Ак бешикке бөлөйүн.
Уктаганча жөлөгүм,
Мээримимди төгөйүн.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Умай энеӊ кайтарсын,
Душманыңды майтарсын.
Түшкө кирип энекең
Мээрим менен таң атсын.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Бешик ыры (элдик ыр)
Алдей, алдей ак балам,
Арка жөлөөр жан балам.
Кунан койдун куйругу,
Бышты жегин жан балам.
Атаң барса айылга,
Куржун толо эт келет.
Энең барса айылга,
Эмчек толо сүт келет.
Кунан койду сой балам,
Куйругуна той балам.
Алдей, алдей ак балам,
Тердик токуур жан балам.
Сал, сал, сал билек
Сары майга мал билек.
Коён кошту кош билек,
Кошкон майга мал билек.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Энекеңди кыйнабай,
Уктап калчы жан балам,
Уктай койчу ак балам.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бешик ырлары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.