Кыргыз улуттук консерваториясы — жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы.
1993-жылы ачылган. 1998-жылы улуттук статусу берилген. Консерваторияда 5 факультет (фортепьяно, теория-композитордук, орекстрдик, вокалдык, билимин өркүндөтүү), 14 кафедра жана сырттан окуу бөлүмү бар. Консерваторияда белгилүү искусство ишмерлери жана илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор эмгектенишет. Консерваторияда студенттердин симфониялык, эл аспаптар оркестри, хор, фольклорчулар, скрипкачылар ансамблдери, компьютердик класс үн жазуучу студия бар. 2004-жылы консерваториянын алдында салттык музыка борбору ачылган. 1993-жылдан ректору М. Бегалиев.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз улуттук консерваториясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.