Юрисдикция (лат.
jus – укук жана dico – айтам) – 1) тийиштүү мамлекеттик органдардын укук талаштарын жана укук бузуулар жөнүндөгү иштерди чечүү, адамдардын же укуктун дагы башка субъектеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын баалоо, укук бузуучуларга карата юридикалык санкцияларды колдонуу ыйгарым укуктарынын мыйзам тарабынан аныкталган жыйындысы. Ю. аркыл белгилери боюнча аныкталат: каралып жаткан иштердин түрү жана мүнөздөрү (кылмыш, тартип бузуу, мүлктүк талаш-тартыштар ж. б.); алардын аймактык тийешелүүлүгү (кылмыш-жаза ишинин кылмыш жасалган жердин соту тарабынан каралышы, жарандык ишти – жоопкердин жашаган жери боюнча кароо); ишке катышкан адамдар боюнча (аскер кызматкерлеринин аскер сотторунда гана соттолууга жатуусу); 2) аймактын белгилүү бир бийлик органына баш ийүүчүлүгү; 3) сот адилеттигинин жөнөтүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын дагы башка талаш-тартыштарды, укук бузуу иштерин жана санкцияларды колдонуу боюнча иштери.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Юрисдикция, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.