Эльбурс тоосу - Ирандын түндүгүндө, Каспий деңизинин түштүк жээгинде жайгашкан.
Уз. 900 кмге жакын. Жарыш жаткан бир нече кырка тоолордон турат, басымдуу бийиктиги 2000-3500 м. Демавенд чокусунун бийиктиги 5604 м (Ирандагы эң бийик жер). Акиташ тегинен жана кумдуктардан турат. Чокулары тегиз, капталдары тик. Э. т-н Сефидруд дарыянын капчыгайы кесип өтөт. Түндүк капталдарын жазы жалбырактуу жыш токой, түштүгүн ксерофит бадалдары ээлейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эльбурс тоосу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.