Эгемендүү Кыргыз Республикасы

1990-ж.

Эгемен Кыргыз Республикасы 

мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюжеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч Президенти болуп шайланган. 1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендиги жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган.

1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарын кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.

1991-ж. 5-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.



Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо. КМШнын түзүлүшү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемен демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн.

1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан.25-декабрда [М.Горбачев] СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Tags:

БишкекКыргыз РеспубликасыСССР

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОмонимОозул (стоматит)Караханийлер кагандыгыСуу ЧечекӨз алдынча разрядКанадаКайра жаралууКырк чороМанас КүмбөзүАба (атмосфера)Аба транспортуАлаш (партия)АргентинаБеларусьИлбирсТолубай сынчыМидин АлыбаевБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмСалык саясатыКасымалы Жантөшев«Манасты» которууБаяндамаМагнит талаасыКыргызстан калкынын биринчи курултайыЗат алмашууКумтөрАвтомобильКүч (механикада)Абстрактуу түшүнүкБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмГүл«Замана» агымыАбдылас МалдыбаевҮчтүк союзРысбай АбдыкадыровТамеки чегүүАйлана чөйрөнү коргооКомуз күүсүКыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайыТүгөлбай СыдыкбековТүшүндүрмө мүчөКарышкырларМекен таанууАлмамбетМамлекетКаратма сөзПунктуацияКыргыз элчиликтериКошожашШвейцарияЖоон үндүүлөрКыргызстандын тышкы саясатыУран (планета)Модал сөздөрАпрель революциясыМиланЖарым өткөргүчАстрономияКыргыздын улуттук кийимдериУкук бузууСаякбай КаралаевМайрамдарТянь-Шандын түштүк тизмегиТөрөтМакаров тапанчасыЖазгыч акындарМал чарбасыТүштүк ЕвропаИманалы АйдарбековТүргөш кагандыгыЫсык-Көл облусуТоп жылдызМассалык маалымат каражаттарыАКШдагы жарандык согушОсмонбеков, АрстаналыОтоо чөп🡆 More