Ысык-Көл мамлекеттик университети К.
Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайы.
Алгач 1940-ж. эки жылдык Мугалимдер институту катары негизделген. Кийин Каракол педагогика институту (1953), КМУнун Караколдогу филиалы (1988-91), Ысык-Көл мамлекеттик педагогика институту (1991-92), 1992-жылдан мамлекеттик университет аталган. Университетте илимий даражалуу (а. и. проф., доцент, илимдин докторлору) жана тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет. 7 ф-т, 28 кафедра, 9 окуу борбору жана 1 коллежи, 7 окуу корпусу, 3 илимий лаборатория, 5 окуу өнөрканалары, спорт аянтчалары, жатаканалары, медициналык профилакториялары бар, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде спорттук, ден соолукту чыңдоо лагери иштейт. Университетте К. Тыныстановдун, К. Карасаевдин музейлери уюшулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ысык-Көл мамлекеттик университети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.