Шалбаа

Шалбаа – көп жылдык мезофилдүү жана гигрофилдүү, түрдүү чөптүү өсүмдүктөр тобу.

Ш. узакка суу жайылган жайылмада, бийик тоолуу жерде, субарктика, деңиз жээктеринде, талаада болот. Ш. чөптөрү чабындыга жана жайытка пайдаланылуучу баалуу тоюттук аймак. Ш. табигый жана өстүрүлмө болуп бөлүнөт. Табигый Ш. – такыр, суу жеп кеткен жана башка жерлерге чөп өсүмдүктөрүнүн өз алдынча өсүп чыгышы. Өстүрүлмө Ш. жер жакшылап айдалып көп жылдык чөп уругу себилет же бир нече жыл бир жылдык өсүмдүктөр айдалган жерге ар кандай чөп уругунун аралашмасы себилет. Бул ыкма мурун кара топураксыз жана жарым чөл зонасында көп колдонулчу. Ш-га айландырууда атайын жердин жаратылышына байланыштуу, мисалы, кара топураксыз бөлүктө чөбү начар өскөн жерди Ш. үчүн жайында 15-18 см тереңдикте айдап, дан уруктуу чөптүн аралашмасы себилет, да топуракты эрозиядан сактоо үчүн жүргүзүлөт. Ш. жакшы сугарылса, туура пайдаланылса көп түшүм берет; бир га жерден 6-8 миң тоют бирдиги алынат. Ш-ны сугаруу зарылчылыгы табигый – климаттык шартка жана Ш.-жайыт чөбүнүн биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша болот. Бир жылдык өсүмдүккө караганда вегетация маалында көп жылдык чөп сууну 2-3 эсе көп керектейт. 400 ц жашыл масса пайда болуш үчүн көп жылдык чөп 6 миң м3 га суу (600 мм) талап кылат, ал эми жай мезгилинде ушунча өлчөмдө жаан-чачын жыл сайын жаабайт. Ошондуктан Ш-ны сугаруу зарылдыгы келип чыгат. Ш. Дүйнө жүзүндө 150-200 млн. га аянтты ээлейт.

Шалбаа
Бакта өсүүчү шалбаа

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

БиологияТопуракӨсүмдүктөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз аттарыБашкы баракСатурнКен байлыктарУкраинаСаспаев Аман«Жаңыл Мырза»Атама сүйлөмБөйрөкЧүйКыргыздын улуттук кийимдериШатман СадыбакасовТехнологияКоомСогушУсубалиев Турдакун УсубалиевичАт — адамдын канатыКыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездиСүйлөм мүчөлөрүЭлдик педагогикаКасым ТыныстановБиогеоценозАтайын салыштырмалуулук теориясыТаш дооруМухтасар и-тарых Кыргызийа«Манасчылар»ЖакыпМакмал алтын кениАаламСейтек эпосуКазакстанСинонимБаш сүйлөмАт атоочКыргызстанЖазгыч акындарУлуу Ата-Мекендик согушМенингитШүкүрбек БейшеналиевТүшүндүрмө мүчөСинтаксисПовесть«Кыргыз» этнонимиКүн энергиясы1930Кыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүАнтропогендик факторлорЖалал-Абад облусуКызыл кыргыз тарыхыЖээнбай АкимжанСууга чөгүүИч өткөкМаданий өсүмдүкТике сөзИшкердикЭлдик медицинаАбанын булганышыЖаңыл МырзаАнатай ӨмүркановУйгур кагандыгыСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.СарыкИчки Теңир-ТооКараханийлер кагандыгыСооронбай ЖусуевЖазКытайБайыркы РимКыргызстандын КонституциясыКит сымалдарЭлектр тогуЖамийла (повесть)Насирдин ИсановМаданиятИшмердүүлүкБек БорбиевКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты🡆 More